Электрондук кезек жана онлайн төлөм: Быйылкы ажылык жаңыча уюштурулат

Коом Загрузка... 16 Июль 2026 17:05
azhylyk.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда быйылкы ажылыкты жаңы тартип менен уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Жаңы тартипке ылайык, ажылыкты уюштуруу үчүн Бирдиктүү санарип система түзүлөт. Каттоо, ажылыкка электрондук кезек, төлөм жана арыздарды кароо толугу менен автоматташтырылат.

"Ажылыкты уюштуруу иштери жылдагыдай эле Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте, ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ажылыкка каттоо Бирдиктүү санариптик система аркылуу смартфондогу iOS жана Android тиркемеси менен жүргүзүлүп, ар бир жаран өз алдынча каттала алат.