Электрондук эсеп-фактура 2.0: Жаңы санариптик платформа сыноодон өтөт

Экономика Жүктөлүүдө... 25 Июль 2026 13:40
images (9).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.07.26 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкарууну санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында жаңы "Электрондук эсеп-фактура 2.0" (ЭЭФ 2.0) маалыматтык системасын колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат.

Ведомстводон билдиришкендей, пилоттук долбоор 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 6 айлык мөөнөткө жүргүзүлөт. Долбоор электрондук документ жүгүртүү жана товарларды эсепке алуу боюнча заманбап механизмдерди бириктирген жаңы санариптик платформаны тестирлөөгө багытталган.

Пилоттук долбоордун негизги максаты – жаңы системанын бизнес-процесстерин тестирлөө, функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү, анын туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле программалык камсыздоону жана ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү үчүн бизнес өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин чогултуу болуп эсептелет.

Пилоттук долбоордун жүрүшүндө ЭЭФ 2.0 аркылуу таризделген документтер салыктык башкарууда колдонулбайт жана катышуучулардын салыктык милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт. Алар системаны тестирлөө, функционалын өркүндөтүү жана андан ары ишке киргизүүгө даярдык көрүү максатында гана пайдаланылат.

ЭЭФ 2.0 системасын иштеп чыгуу жана киргизүү – салык төлөөчүлөр үчүн электрондук кызматтарды модернизациялоонун кезектеги этабы болуп саналат. Ал салыктык башкарууну өркүндөтүүгө жана салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, учурда колдонулуп жаткан "Электрондук эсеп-фактура" системасы кадимки режимде иштей берет. Пилоттук долбоор аяктаганга чейин салыктык максаттар үчүн электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартиби өзгөрүүсүз калат.

Товарларды байкоо системасын киргизүү

Салыктык башкарууну санариптештирүүнүн алкагында Салык кызматы ошондой эле министрлер кабинетинин товарларды байкоо системасын киргизүү тууралуу токтом долбоорун демилгелөөдө.

Бул система Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана товарлардын айрым түрлөрүнүн жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Документте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды милдеттүү түрдө колдонууну жокко чыгаруу каралган. Айрым товарлар боюнча алардын функциялары ЭЭФ 2.0 системасында ишке ашырылып, товарлардын кыймылын көзөмөлдөөнү камсыз кылган бирдиктүү электрондук документке айланат.

Товарларды байкоо системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилет жана ЭЭФ 2.0 боюнча пилоттук долбоордун курамына кирбейт. Ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелеринде каралган товарларга гана колдонулат. Алардын ичинде:

  • мунай жана мунай продуктулары;
  • Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келинген товарларды байкоо механизми жөнүндө макулдашууга кирген айрым товарлар, анын ичинде муздаткычтар жана тоңдургучтар, кир жуугуч машиналар, телевизорлор, теле жана видео жабдуулары.

ЭЭФ 2.0 товарларды байкоо системасынын алкагында товарлардын кыймылын эсепке алуу жана көзөмөлдөө үчүн гана колдонулат жана салыктык милдеттенмелердин аткарылышына таасирин тийгизбейт.

Жаңы системаны ийгиликтүү киргизүүгө даярдык көрүү максатында Салык кызматы ишкерлерге сатылып жаткан жана колдонулган товарларды Салык кызматынын товарлар каталогуна алдын ала киргизүүнү сунуштайт. Бул өзгөчө импорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн маанилүү, анткени каталогдогу маалыматтардын толуктугу жана тактыгы жаңы системалардын натыйжалуу иштөөсүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат.

Салык кызматы ишкерлердин сунуштарын эске алып, товарларды эсепке алуунун жаңы санариптик механизмдерине ыңгайлуу өтүүнү камсыз кылат.

Ушуга байланыштуу Салык кызматы бизнес коомчулугун пилоттук долбоорго активдүү катышууга жана сунуштарды эске алуу үчүн ачык диалог жүргүзүүгө чакырат.

Пилоттук долбоорго катышуу боюнча суроолор менен төмөнкү телефон номери аркылуу кайрылууга болот: (0312) 62-08-55.

Учурда тиешелүү министрлер кабинетинин токтомунун жана тескемесинин долбоорлору коомдук талкууга чыгарылган.