Кыргызстан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү багытында ишенимдүү кадам жасоодо. Бул багыттагы негизги долбоорлордун бири - жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алуунун заманбап инструменти болгон электрондук эмгек китепчесин (ЭЭК) киргизүү болуп саналат. Ал келечекте буга чейин колдонулуп келген кагаз документтердин ордун алмаштырмакчы.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, бүгүнкү күндө санариптик эмгек китепчесин киргизүү жумуштары иштеп чыгуу баскычында турат. Мекемеде керектүү механизмдерди жана ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, иш жүргүзүлүп жатканын министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемеден белгилешкендей, эмгек китепчелерин жүргүзүү жана толтуруу боюнча колдонуудагы бардык ченемдер менен талаптар сакталат. Өзгөртүүлөр жарандар жана иш берүүчүлөр үчүн процесстерди жөнөкөйлөтүү жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында маалыматтарды санариптик форматка өткөрүүнү гана карайт.
“Жалпысынан бардык ченемдер сакталды. Бир гана өзгөртүү - электрондук китепче атайын электрондук платформада сакталат, ал жерде кызматкердин жеке электрондук кабинети болот жана бардык иш-аракеттер ошол жерде жүргүзүлөт. Башка өзгөртүүлөр жок”, - деп 22-январда парламентте эмгек министринин орун басары Камчыбек Досматов маалымдады.
Белгилей кетсек, бул кызматты иштеп чыгуу “Кызмат” платформасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдөгү маанилүү кадам катары “e-Kyzmat” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун бир бөлүгү болгон “Электрондук эмгек китепчеси” модулу иштелип жаткандыгын билдирет.

Долбоор жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну жөнөкөйлөтүүгө, кызматкерлердин эмгек жана кызматтык таржымалы жөнүндө маалыматтарга ыңгайлуу жана ыкчам жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, ошондой эле кагаз түрүндөгү эмгек китепчелерин колдонууну жокко чыгарууга багытталган. Тутумду киргизүү жарандардын, иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ачык-айкын жана натыйжалуу иш процессин түзүүгө, маалымат алмашууну тездетүүгө жана бюрократиялык көрүнүштөрдү кыскартууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Алсак, долбоорду ишке ашыруунун маанилүү этабы катары 2024-жылдын 28-мартында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен техникалык тапшырманын макулдашылышы болду. 11-октябрда “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын базасында түзүмдүк тесттик версиясы сунушталып, анда модулдун функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана анын ишмердүүлүгүн эсепке алууну автоматташтыруудагы артыкчылыктары бааланды.

Электрондук эмгек китепчесин ишке киргизүү эсепке алуу процесстерин кыйла жөнөкөйлөтүп, аларды ачык-айкын, ыңгайлуу жана ыкчам кылаары күтүлүүдө. Маалыматтарды борборлоштуруп сактоо жоготуп алуу же жасалмалоо тобокелдигин жокко чыгарып, кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартуу менен бирге тутумду экологиялык талаптарга шайкеш келтирет.
Белгилей кетсек, “Электрондук эмгек китепчеси” долбоору мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоодо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Бардык даярдык этаптары аяктагандан кийин модулду улуттук деңгээлде этап-этабы менен ишке киргизүү пландалууда. Бул Кыргызстанда жарандардын эмгек таржымалын эсепке алуунун заманбап жана ыңгайлуу системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү жетишкендик болуп калат.