Кыргызстандык 20 мамкызматкер JDS программасы менен Японияда билим алат

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Япония өкмөтүнүн JDS долбоорунун стипендиаттары, Японияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды. 

Анда минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов, мамлекет өз келечегин билимге, адамдык капиталга жана жоопкерчиликтүү башкарууга таянып курарын айтып, бул багытта өнөктөш катары кызматташып келген Япониянын Кыргызстандагы элчилигине, Япон эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) жана Япон эл аралык кызматташтык борборуна (JICE) ыраазычылык билдирип, мындай туруктуу колдоонун жана кызматташуудан улам жаңы мүмкүнчүлүктөр ишке ашып, эки элдин ортосундагы мамиле дагы бекемделип жатканын билдирди. 

“Биз мамлекеттин келечегин билимдүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кадрлар аркылуу куруп жатабыз. Акыркы жылдары мамлекеттик башкарууну жаңылоо, санариптик технологияларды кеңири киргизүү, мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатуу жана кесипкөй кадрларды даярдоо өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланды. Бүгүнкү JDS программасынын финалисттери – ушул мамлекеттик саясатты, өлкөбүздүн өнүгүү багыттарын жана келечегине болгон ишенимди ишке ашыра турган жаңы муундун өкүлдөрү болооруна ишенем. Жакында эле Кыргызстан менен Япониянын ортосунда JDS программасын улантуу боюнча кезектеги маанилүү келишимге кол коюлуп, бул максатка 381 млн иен өлчөмүндө грант бөлүндү. Бул грант – мамлекеттик кызматкерлерибиздин билимине, келечектеги лидерлигине жана Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасынын өнүгүшүнө салынган инвестиция. Мамлекет үчүн эң чоң сыймык – билим алган жаранынын кайра мекенине кайтып келип, өз элине кызмат кылышы”, - деди минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов.

Белгилүү болгондой быйыл, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринен Японияга билим алууга 19 магистратурага, 1 докторантурага 20 стипендиант жөнөп жатат.

Жалпысынан 2006-жылдан бери ишке ашырылып жаткан бул программа аркылуу, 300дөн ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Японияда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.