Ысык-Көлдө чек ара аралык медиация боюнча эл аралык конференция өтөт

Бизнес Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 09:30
515252320_347059402_lX1wzSG.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. 6-августта Ысык-Көлдүн жээгинде "Чек ара аралык медиация: Сингапур жана Гонконг конвенциялары" аттуу эл аралык конференция өтөт. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Борбор Азия, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы эксперттери жана медиаторлору катышат.

Конференция Борбор Азия өлкөлөрүнүн медиаторлор консорциуму тарабынан Медиаторлордун жайкы мектебинин алкагында уюштурулууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Сингапур жана Гонконг конвенцияларына ылайык чек ара аралык медиациялык макулдашууларды таануу жана аткаруу механизмдерин, аларды өлкөлөрдө ишке ашыруунун улуттук моделдерин, ошондой эле медиацияны өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны талкуулашат.

Конференциянын ачылышында юстиция министринин биринчи орун басары Сайра Ызакова куттуктоо сөзүн сүйлөйт. Ошондой эле программанын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Сингапур, Түркия, Германия, Австрия, Украина, Беларусь жана Россиядан келген эл аралык эксперттер баяндама жасашат.

Конференциянын жыйынтыгында чек ара аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эл аралык талаш-тартыштарды жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды Ысык-Көл декларациясына киргизүү пландалууда.