Санарип өкмөттү өркүндөтүү, мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылуу, киберкоопсуздукту күчөтүү жана жасалма интеллект сыяктуу технологияларды кеңири киргизүү максатында өлкөдө санариптештирүү процесси активдүү жүргүзүлүүдө. Бул багытта негизги ишти президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Түндүк” ААКсы жана жана “Кызмат” мамлекеттик мекемеси аткарууда.
Учурда “Кызмат” менен “Түндүк” мекемелеринин IT-блокторунун заманбап талаптарга жооп берген “Учкун” имаратында жайгашуусу адистердин өз ара кызматташуусун бекемдеп, санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

"Кызмат" мекемеси мамлекеттик органдардын ишин системалуу оптималдаштырууну улантып, онлайн кызматтардын жаңы муунун киргизип, өлкөнүн санариптик экосистемасын кеңейтүүдө. Мекеменин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары: заманбап паспортторду киргизүү, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана IT-долбоорлорду ишке ашыруу жана колдоо.
Ал эми “Түндүк” ААКсы - президентинин Иш башкармалыгына караштуу, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн жана санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн улуттук оператору болуп саналат. Бул санарип система бир нече мамлекеттик түзүмдөрдүн функцияларын бириктирип, өлкөдөгү негизги кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүн санариптештирүүгө жооп берет.
“Түндүк” платформасындагы акыркы көрсөткүчтөргө токтолсок:
- “Түндүк” платформасында 3,1 миллиондон ашык колдонуучу катталган;
- “Түндүк” аркылуу мекемелер аралык өз ара аракеттенүү тутумунда жалпы 2,71 миллиарддан ашык транзакция жүргүзүлгөн;
- Учурда платформада 195 мамлекеттик кызмат жеткиликтүү;
- “Түндүк” аркылуу жалпы 52 миллиондон ашык кызмат көрсөтүлгөн.

Маалымдалгандай, түзүмдүк өзгөрүүдөн кийин “Түндүк” санариптик трансформациянын алкагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарына автотранспорт каражаттарын онлайн каттоо жана кайра каттоо, кыймылсыз мүлккө электрондук техникалык паспорт берүү, айып пулдар тууралуу билдирүүлөрдү жеткирүү, транспорт каражаттарынын бар экендиги жөнүндө маалымкаттарды алуу, балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына каттоо жана аскерге чейинки курактагы жарандарды медициналык кароодон өткөрүү кызматтары кирет.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу дээрлик электрондук форматка өткөн. Бул багытта маалымат алмашуу тутумуна G2G жана G2B форматтары туташтырылып, жаңы санариптик сервистерди интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
- “Түндүк” санарип платформасы аркылуу мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуулардын саны 7 миллиарддан ашкан;
- Платформада 2,1 миң мамлекеттик кызмат жана 380 катышуучу уюм катталган;
- “Түндүк” тиркемесинде 90дон ашык кызмат жайгашып, колдонуучулардын саны 3,3 миллиондон ашкан;
- “Түндүк” аркылуу мамлекеттик органдар менен бизнес субъекттеринин ортосунда 1,5 млрд жолу автоматтык маалымат алмашуу жүргүзүлгөн.

Билим берүүнү санариптештирүү
Өлкөдө билим берүү тармагын санариптик трансформациялоо боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына “Балалык”, мектептерге кабыл алуу үчүн “Мектеп” системалары, ал эми педагогдор үчүн “Мугалим” кадрдык маалыматтык тутуму иштөөдө. Андан тышкары, билим берүү мекемелериндеги процесстерди автоматташтыруу боюнча долбоорлор иштелүүдө.
Саламаттык сактоо, социалдык коргоону санариптештирүү
Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармактарында санариптик чечимдер иштелип чыгып, четинен ишке кирүүдө. Анын негизги багыттарына электрондук медициналык сервистерди өнүктүрүү, социалдык колдоо кызматтарын санариптештирүү кирет. Анын ичинде "Бала ырысы” долбоорун ишке ашыруу каралган. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Мигрант.kg” долбоору иш алып барууда.
“Түндүк” ААКсы билдиргендей, учурда мамлекеттик жана коммерциялык секторлор үчүн санариптик продуктуларды долбоорлоо, иштеп чыгуу жана өнүктүрүү иштери жүрүүдө. Мекемедеги тиешелүү департаменттер тарабынан өлкөдөгү санариптештирүү процессин өнүктүрүү максатында жаңы сервистерди түзүү, колдонуучулардын тажрыйбасын жакшыртуу, заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү багытында ири жумуштар аткарылууда.

Мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылуу, маалымат алмашууну тездетүү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында Кыргызстанда санариптештирүү процесси акыркы жылдары ырааттуу жүргүзүлүп жатат. Жүз миллиондогон кызматтар онлайн көрсөтүлүп, миллиарддаган маалымат алмашуулар жүргүзүлүп жатканы бул багыттагы иштердин натыйжалуулугун далилдейт. Санариптештирүү мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө негиз түзүүдө.