Касымалиев: Кыргызстан Россия менен биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 15:40
6a742d0ae2d23.jpeg
6a742d0ca0102.jpeg
6a742d0822e63.jpeg
6a742d0b548c3.jpeg
6a742d0ae2d23.jpeg
6a742d0a3909e.jpeg
6a742d0818e04.jpeg
6a742aab1e71f.jpeg
6a742aa8e34d2.jpeg
6a742aa76484c.jpeg
6a742aa5f200e.jpeg
6a742aa36f67d.jpeg
6a742aa2b85d5.jpeg
6a742aa26b1fb.jpeg
6a742a9ff260e.jpeg
Алдыга
Артка
6a742d0ae2d23.jpeg
6a742d0ca0102.jpeg
6a742d0822e63.jpeg
6a742d0b548c3.jpeg
6a742d0ae2d23.jpeg
6a742d0a3909e.jpeg
6a742d0818e04.jpeg
6a742aab1e71f.jpeg
6a742aa8e34d2.jpeg
6a742aa76484c.jpeg
6a742aa5f200e.jpeg
6a742aa36f67d.jpeg
6a742aa2b85d5.jpeg
6a742aa26b1fb.jpeg
6a742a9ff260e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын ачылыш аземинде куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Бул иш-чара Чолпон-Ата шаарында 6-7-августка белгиленген Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында өткөрүлүүдө.

Форумдун программасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Россия президенти Владимир Путиндин катышуучуларга жана конокторго жолдогон видеокайрылуулары менен ачылды.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал министрлер кабинетинин атынан конокторду кыргыз жеринде жылуу тосуп алып, катышуучуларга жемиштүү иш каалады.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөзгө ээ экендиги, ошондой эле аларды ар тараптуу чыңдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктуу багыты болуп кала берери тууралуу билдирүүсүн белгиледи.

"Бүгүнкү форум жана аймактар аралык конференция кыргыз-орус кызматташтыгынын системасында татыктуу түрдө өзгөчө орунду ээлейт. Бул жөн гана пикир алмашуу аянтчасы эмес, бул жерде конкреттүү чечимдер иштелип чыгып, биргелешкен долбоорлор ишке киргизилип, ошондой эле өлкөлөрүбүздүн бизнес чөйрөлөрү менен аймактарынын ортосундагы түз байланыштар чыңдалат", — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстандын министрлер кабинети экономиканы модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле өнөр жайды, энергетика тармагын, транспорт жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүү багытында ырааттуу иш алып барууда. Кыргыз тарап россиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө ачык жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Сөз аймактар аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасады. Адылбек Касымалиев аймактар ортосундагы түз байланыштар кызматташтыкты практикалык нукка салып, макулдашууларды ишке ашырууну тездетээрин, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлери жана жарандары үчүн өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзөрүн белгиледи.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин төрагасы алдыдагы талкуулар мазмундуу жана практикалык багытта болоруна, ошондой эле алардын жыйынтыктары кыргыз-орус экономикалык өнөктөштүгүн чыңдоого жана соода, инвестициялык, ошондой эле технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.