"Түндүк" тиркемесинде билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүгү артууда

Санарип Кыргызстан 11 август 2026 14:15
"Түндүк" тиркемесинде билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүгү артууда

Бишкек, 11.08.26 /Кабар/. Кыргызстанда билим берүү тармагындагы мамлекеттик кызматтар санариптик форматка өткөрүлүүдө.

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, учурда "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга бир нече билим берүү кызматын онлайн алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Алардын арасында:

  • баланы бала бакчага каттоо;
  • баланы мектепке каттоо;
  • мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк жана аттестаттын электрондук нускасын алуу;
  • мугалимдер үчүн иштеген жеринен маалымкат алуу.