"Түндүктөн" турак жайды камсыздандыруу полиси көрүнбөй жатса эмне кылуу керек?

Санарип Кыргызстан Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 16:00

Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму "Түндүк" тиркемесинен турак жайды камсыздандыруу полиси көрүнбөй жаткан жарандарга кайрылып, бул учурда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрдү.

Мекеме бул көйгөйдү чечүү үчүн төмөндөгүдөй кадамдарды сунуштайт:

  1. "Түндүк" тиркемесине кирүү.
  2. "Бардык документтер" бөлүмүн ачуу.
  3. Экрандын жогору жагындагы "жаңыртуу" баскычын басуу.
  4. Андан соң "Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу" бөлүмүнө кирүү.

Бул аракеттерден кийин камсыздандыруу полис жана ага байланыштуу бардык маалыматтар кайрадан көрүнүп баштайт.