Бишкек, 15.08.25 /Кабар/. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин бүгүн Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөп жатып логистикалык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн электрондук документ жүгүртүүнү активдүү колдонуу, биримдиктин ичинде жана өнөктөштөр жана дос мамлекеттер менен болгон мамиледе жүк жана темир жол ташууларын системалуу түрдө санариптештирүүнү улантуу керектигин белгиледи.
Михаил Мишустин бардык мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн ишкердик механизмдери боюнча мындан аркы биргелешкен ишти улантуу, товарлардын, азык-түлүктөрдүн, капиталдардын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылына карата чектөөлөрдү алып салуу зарылдыгын баса белгиледи.
"Бүгүн биз бекитип жаткан биржалык сооданы өнүктүрүүнүн негизги программасы, албетте, ушуга багытталган. Аны аткаруу бул тармакта жалпы рынокту түзүүгө мүмкүндүк берет, ал эми ишкерлер беш өлкөнүн ар биринде соодага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, өнөктөштөрдү табуу жана азыктарды минималдуу чыгым менен сатып алуу оңой болот, бул дагы өз ара толуктоого олуттуу түрткү берет", - деди ал.
Ошондой эле Мишустин ЕАЭБдин ички рыногуна келген товарлардын баасынын натыйжалуу бажы көзөмөлүн камсыз кыла турган биргелешкен механизмдерди түзүү керектигин кошумчалады. Контролдоо кызматтарынын ишин оптималдаштыруу жана натыйжада ак ниет ишкерлерге болгон жүктү азайтуу үчүн тобокелдиктердин системалык деңгээлин колдонууга керектүү ыкмаларды киргизүү зарыл.
"Биздин туруктуу көңүлүбүздө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарын өзгөчө тынчсыздандырган маселелер турат. Маанилүү тармак — саламаттыкты сактоо. Биз бүгүн дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүү концепциясын кабыл алуудабыз. Биздин башкы милдетибиз — ооруларды диагностикалоонун, алдын алуунун жана дарылоонун бардык этаптарында коопсуздукту, натыйжалуулукту жана жогорку сапатты камсыз кылуу. Биздин милдетибиз — дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоо жол-жобосун өркүндөтүү, өндүрүүчүлөр менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жолго салуу", - деп баса белгиледи Михаил Мишустин.