Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарга электрондук көзөмөл киргизүү пландалууда. Мында браслет жана мобилдик тиркеме аркылуу жүргөн жери көзөмөлгө алынып, чектөөлөрдү бузганда эскертүүлөр берилип турат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, бул - үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоонун жаңы чаралары. Юстиция министрлиги тарабынан Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунун негизги максаты - коргоо ордерлеринин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү.
Учурда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт. Анда жабырлануучуга жакындабоо, аны менен бир үйдө жашабоо, телефон чалбоо, артынан түшпөө, ошондой эле туугандары аркылуу издетпөө боюнча жазуу жүзүндөгү буйрук берилет. Бирок, бул чаралар дайыма эле натыйжа бербейт. Ички иштер министрлиги өз убагында чара көрсө да, анын аткарылышын көзөмөлдөө начар бойдон калып жатат.

“Бул чаралар жетишсиз деген жыйынтыкка келдик. Ошондуктан мыйзам долбооруна электрондук көзөмөл каражаттарын, тактап айтканда, браслеттерди жана мобилдик тиркемени колдонуу киргизилген. Бул зомбулук жасаган адамдын жүрүү багытын байкоого жана чектөөлөрдү бузган учурларды аныктоого мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи министрдин орун басары.
Ал электрондук браслет GSM базасында иштей турганын жана уюлдук операторлор тарабынан колдоого алынарын түшүндүрдү. Аппаратты Юстиция министрлигинин кызматкерлери тагышат жана аны өз алдынча чечип салуу мүмкүн эмес. Укук бузуучу мониторинг борборуна каттоого алынат, адистер ал жакта анын жүргөн жерин күнү-түнү көзөмөлдөп турушат. Белгиленген аймактан чыгып кетсе, автоматтык түрдө сигнал келип түшөт жана ИИМ кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүшөт.
Зарылбек уулу браслеттерди стигма жаратпагыдай кылып жасалганын баса белгиледи.
“Электрондук браслет - бул электрондук саатка окшош гаджет. Бир гана айырмасы - атайын бекиткичтер менен бекитилип, атайын шаймандар менен гана чечилет. Электрондук браслеттерди сатып алуу чечимин кабыл алууда алардын стигма жаратпашына көңүл бурдук. Браслеттер аялдар үчүн да, эркектер үчүн да ыңгайлуу. Буга чейин биз бутка тагылуучу электрондук браслеттерди колдонуу тажрыйбасын изилдегенбиз, бирок бул стигма жаратып, ыңгайсыздыкты пайда кылат экен. Биздин браслеттер саат сыяктуу жана ошондой эле биз укук бузуучунун жайгашкан жерин көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркемени да активдүү колдонобуз. Программалык камсыздоо рандомдуу ыкма менен күнү-түнү каалаган убакта тиркеме ээсине белги жиберет, ал камера аркылуу телефон жанында экенин тастыкташы керек, андан кийин жайгашкан жери геолокация аркылуу аныкталат”, - деп түшүндүрдү Алмазбек Зарылбек уулу.
Анын айтымында, жаңы механизм жарандардын коргоо ордерлерине болгон ишенимин арттырат. “Жабырлануучу зомбулук көрсөткөн адам мамлекеттик органдардын туруктуу көзөмөлүндө болооруна жана чектөөлөр бузулган учурда чаралар дароо көрүлө турганына ишеним арта алат”, - деди ал.
Электрондук браслеттер коргоо ордеринин колдонуу мөөнөтүнө, ар бир ишке жараша үч айга чейин же бир, эки айга тагылат. Эгерде зомбулук кайра кайталанса, ыйгарым укуктуу органдар катаалдатылган чараларды колдоно алышат.
Министрдин орун басары электрондук көзөмөл бардык учурларда милдеттүү болбой турганын айтты.
«Бул мыйзам долбоору кабыл алынганса үй-бүлөлүк зомбулуктун ар бир учурунда электрондук көзөмөл колдонулбайт. Биз эмне үчүн бир үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга электрондук браслет тагылбайт, ал эми экинчисине тагылат деген суроого жооп берген белгилүү бир методология болушун каалайбыз.
Пробация департаментинин кардарлар менен иштөө тажрыйбасына таянып, эл аралык донорлордун колдоосу менен Европанын тажрыйбасын эске алып тобокелдиктерди баалоо системасы иштелип чыккан. Бул үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын анкета толтуруусу. Анкетанын натыйжалары зомбулук кайра кайталануу ыктымалдыгы канчалык деңгээлде экенин көрсөтөт.
Бул тобокелдиктерди баалоо системасынын натыйжалары боюнча балл чыгат. Эгерде тобокелдик минималдуу болсо, анда электрондук браслет тагылбашы мүмкүн. Бир катар факторлор эске алынат. Мисалы, бул үй-бүлөлүк зомбулукту биринчи жолу жасап жатабы, жабырлануучунун көйгөйлөрү жана нааразычылыктары канчалык олуттуу бары каралат.
Мунун бары суроо-жоопто эске алынат. Мисалы, жөн гана коргоо ордерин бере алышат. Башка учур – эгер зомбулук кайра кайталанган болсо. Жабырлануучу тараптан нааразычылыктар болсо, анда система электрондук браслетти колдонуу керек экенин көрсөтөт, ошондо зомбулукчу 24/7 саат көзөмөлдө болот”, - деп белгиледи Зарылбек уулу.
Ошол эле учурда, министрдин орун басары жабырлануучу электрондук браслет колдонууну суроого укуктуу экенин түшүндүрдү. “Бирок, бул жерде ар бир ишти карап чыгуу керек болот”, - деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, бул демилге Юстиция министрлиги тарабынан Ички иштер министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан жана Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган. Азыр президенттин жарлыкка кол коюусу күтүлүүдө.