Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Акыркы жылдары өлкөдө электр унаалары көбөйгөндүгүнө байланыштуу Энергетика министрлигине электр унаалары үчүн кубаттагычтарды республика аймактарында жеткиликтүү көлөмдө коюу тапшырмасы берилген. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул багытта иштер жүрүп жатат. Мисалы, Бишкектен Ысык-Көл облусун көздөй электр кубаттагычтарды орнотуу планга ылайык жүрүп, жетиштүү көлөмдө коюлду.
“Туризм сезонуна байланыштуу Бишкектен Ысык-Көл облусун көздөй электр кубаттагычтарды коюу пландаштырылган. Ал аралыкка учурда жетиштүү көлөмдө кубаттагычтар орнотулду. Бул багытта негизинен “Чакан ГЭС” ААКсы, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы жана “Электр станциялар” ААКсы аркылуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Толугу менен коюп бүтө элекпиз, бирок иштер улантылууда”, — деди Рысбеков.
Министр энергетика тармагына көмүр жана күйүүчү майлар боюнча да милдеттер жүктөлгөндүгүн белгилеп, электр унааларын жайылтуу күйүүчү май тармагындагы балансты сактоого жардам берерин кошумчалады.
“Өлкөгө электр унаалары абдан көп келип жатат. Учурда электр энергиясында таңкыстык болгону менен, бизге жаңы кубаттуулуктар, атап айтканда, күн электр станциялары ишке кирүүдө. Биз электр унааларын кубаттагычтарга жаңы электр булактарынан алынган энергияны жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Ошондуктан бул багытта азыркы учурда маселе жаралбайт”, — дейт ал.
Ал ошондой эле кубаттагычтарды орнотуудан мурда техникалык шарттар каралып, алар толук аткарылган учурда гана кубаттагычтар ишке берилерин белгиледи.