Энергосистемадагы техникалык жоготуулар 5-10%га чейин төмөндөдү

Экономика Загрузка... 02 Март 2026 17:25
WhatsApp Image 2026-01-16 at 10.39.31 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчесине катышуусу тууралуу маселе көтөрдү.

Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек.

"Ооба, буга чейин ички электр тармактары курулганда чыгуу тууралуу сөз болгон. Бирок азыр мындай маселе күн тартибинде жок", — деди ал.

Ошондой эле депутат Жалал-Абад облусундагы энергосистеманы өнүктүрүү пландары тууралуу сурады. Министрдин орун басарынын айтымында, 220 кВ чыңалуудагы "Кристалл" жана "Төрөбай" көмөк чордондору модернизацияланат.

Электр энергиясын өз ара жеткирүү тууралуу суроого жооп берип жатып, Керимов учурда тармактагы жүктү азайтуу үчүн Кыргызстан Өзбекстандан электр энергиясын сатып алып жатканын айтты.

Мындан тышкары, ал энергосистемада техникалык жоготуулар бар экенин белгиледи.

Анын маалыматына ылайык, 35–500 кВ чыңалуудагы линияларда жоготуулар 5%га чейин, ал эми 0,4–35 кВ тармактарында болжол менен 10%ды түзөт. Ошол эле учурда мурдагы жылдарга салыштырмалуу көрсөткүчтөр СИП-кабелдерди орнотуу жана "акылдуу" эсептегичтерди киргизүү аркылуу төмөндөгөн.