Нарын шаарындагы эки конушка электр жарыгы тартылат

Аймак Загрузка... 10 Июнь 2026 09:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Нарын шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Нарын шаарынын Кызыл-Сарай жана Таш-Кыя жаңы конуштарына электр жарыгы тартылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электр энергиясын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн сомго тирөөчтөр, электр чубалгылары жана башка керектүү жабдуулар сатып алынды.

“Аталган жаңы конуштарга электр жарыгын тартуу маселесин жергиликтүү тургундар калаа башчысы Жылдызбек Беккелдиев менен менен жолугушууда көтөрүшкөн. Алынган электр жабдуулары Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан жакынкы убакытта коюлуп баштайт”, - деп белгилешти мэриядан.