Өзбекстан 2030-жылга чейин 50 пайыз "жашыл" энергияга өтүүнү көздөйт

Борбор Азия Загрузка... 18 Июнь 2025 18:35
WhatsApp Image 2025-06-17 at 13.52.59.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.06.25. /Кабар/. Өзбекстан 2030-жылга чейин энергетикалык тең салмакта жаратылышка зыянсыз, кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн 50 пайызга чейин көбөйтүүнү максат кылууда, деп билдирет UzA агенттиги.

Бул багытта Өзбекстан күн жана шамал энергиясын кеңейтүү менен катар, "Росатом" компаниясы менен биргеликте алты бөлүктөн турган чакан атомдук электр станциясын курууну көздөп жатат.

Серепчилер Өзбекстандын бул кадамын дүйнөлүк тенденцияга шайкеш келген туура чечим катары баалашууда. Ошол эле маалда, адистер электр тармактарын жаңыртууга жетиштүү каражат бөлүнбөй жатканы негизги тоскоолдук болуп каларын эскертишүүдө.

Эл аралык энергия агенттигинин жаңы баяндамасында быйыл жаратылышка зыянсыз энергияга дүйнөлүк салымдар 2,2 трлн долларга жетери айтылган. Анын ичинде өзөктүк энергияга болгон салым акыркы беш жылда 50 пайызга көбөйүп, 2025-жылы 75 млрд долларга жетет.