Электр тармактарында ашыкча жүктөм катталган жок – министрлик

Коом 24 июль 2026 11:55
Электр тармактарында ашыкча жүктөм катталган жок – министрлик
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика тутуму 23-июлга карата штаттык режимде иштеп жатат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок. Өткөн суткада өлкөдө электр энергиясын керектөө 44,4 млн кВт/саатты түздү.

"Учурда күз-кыш мезгилине даярдык алкагында электр тармактарындагы объектилерде пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандарды айрыкча электр энергиясы көп керектелген сааттарда, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.