«Электр станциялары» ААКтын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Коом 2 сентябрь 2025 09:33
541321492_18075242165476120_6701627178775647932_n.jpg
541336546_18075242180476120_5081987428737018164_n.jpg
541541371_18075242210476120_839486807231100845_n.jpg
541601855_18075242201476120_234524819269399120_n.jpg
541840742_18075242162476120_3923125811955629174_n.jpg
542225159_18075242183476120_7739384957912103373_n.jpg
542737382_18075242219476120_6350061379980076293_n.jpg
542827359_18075242147476120_1668429804294738910_n.jpg
541290862_18075242192476120_1618447735271619891_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. «Электр станциялары» ААКтын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин кызматкерлер эскирген имаратта иштеп келишсе, бүгүнкү күндөн тартып алар заманбап стилде салынган жаңы имаратта ишин улай башташты.

Жаңы имаратта компаниянын негизги бөлүмдөрү бириктирилип, жүздөгөн кызматкерлер үчүн эмгек шарттары жакшыртылып, иштин натыйжалуулугу жогорулады.

Замана талабына жооп берген жаңы кеңседе диспетчерлерден тарта инженерлерге чейин кызматкерлерге бардык шарттар түзүлдү. Имаратта бүтүндөй энергетикалык системанын «мээси» болгон борбордук диспетчердик пункт жайгашкан, анда болжол менен 80–90 адис иштейт.

Ошондой эле жабдуулардын техникалык абалын көзөмөлдөөдө маанилүү роль ойногон майларды хроматографиялык анализдөө лабораториясы кайра жанданды.

Жаңы имараттын жалпы аянты 1045,44 кв. метр, 2 кабаттуу. Ар бир кабатта 34 жумушчу орун бар, жалпы 68 жумушчу орун түзүлгөн. Курулуш чыгымдары толугу менен ОАО «Электр станциялары» компаниясынын эсебинен каржыланып, курулушту «Ихтир-Юг» компаниясы аткарды.