Электр энергиясын үнөмдөп, ашыкча чыгымдан арылыңыз! Кеңештер

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 10:45
copyright icon www

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат.

Электр энергиясын үнөмдөө - бул сарамжалдуу жана этият пайдалануу. Колдонулбай турган электр шаймандарын өчүрүү менен сиз ресурстарды үнөмдөөгө жана чыгымдарды азайтууга көмөктөшөсүз.

"Бир нече күнгө үйдөн кетсеңиз аристонду сөзсүз өчүрүп кетиңиз. Анткени, үйдөгү электр энергиясын эң көп сарптаган шаймандардын бири бул - аристон. Үй-тиричилик техникалары, телевизор, компьютер жана башкалар иштебегендей көрүнгөнү менен электр энергиясын сарптай берет. Аларды толугу менен өчүрүү ашыкча чыгымдан сактайт",-деп айтылат маалыматта.