Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Өлкөдө электр энергиясы өчүрүлгөн жок, болгону кубаттуулук гана азайтылды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эртең менен саат 7ден 9га чейин жана кечкисин саат 6дан 9 чейин электр энергиясын керектөө жогору болууда. Буга байланыштуу калкка берилип жаткан 5 кВт электр энергиясы ушул убактарда 3 киловаттка түшүрүлүп жатат.
“Электр энергия көп керектелген учурда биз элге келишимде көрсөтүлгөн 5 кВт электр энергиясын бере албай жатабыз. Бул эртең менен эки саат – 07:00дөн 09:00гө чейин, кечкисин – 18:00дөн 21:00гө чейин. Бул убакта электр энергиясын керектөө жогорулап жатат. Бул убакта бизде эле эмес, Борбор Азияда, Европада электр энергия көп талап кылынат. Бизде тарифте 70 тыйындан 1 сомго чейин тартыштык бар. Тариф бизде 1 сом 37 тыйын. Орточо эсеп менен алганда бир кВт/саат электр энергия 2 сом 50 тыйынга чейин болушу керек. Ошол тартыштыкты жаба албайбыз да. Ошол үчүн биз эртең менен кечкисин 5 киловатты 3 киловаттка чейин чектөө киргизип жатабыз. Бирок жарыкты өчүргөн жокпуз. Болгону кубаттуулукту гана азайтып жатабыз. 3 киловаттка телевизор, муздаткыч, 10 чакты лампочка, 1 жылыткыч, суу ысыткыч иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди министр.