Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. Кыргызстанда Электр энергияны эсепке алуу тутумунун операциялык борборунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванжэ жана KOICA агенттигинин вице-президенти Хонг Сокхва жана башка кызыкдар тараптар борбордун курулуш иштеринин аякташы менен таанышты. Аталган борборду толук ачуу жылдын август айына пландалууда.
“Кыргызстандын энергетикалык системасын өркүндөтүү үчүн улуттук борборлоштурулган системаны өнүктүрүү" долбоору 2023-жылы башталган. Долбоор KOICA тарабынан колдоого алынып, 10,5 млн доллар жана дагы 10 779 акылдуу эсептегич гранттык негизинде берилген.
Негизги максат Кыргызстандын электр энергетика секторунда санариптештирүүнү жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган. Борбор өлкө боюнча 1,5 миллионго чейин акылдуу эсептегичти башкарууга жөндөмдүү. Долбоор операциялык борбордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуу программаларын да камтыйт.
Долбоорду Энергетика министрлиги “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасы, Кореянын энергетикалык экономика институту (KEEI) жана KT корпорациясы өнөктөш катары биргеликте ишке ашырууда.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев бул долбоор энергетика тармагын санариптештирүүнүн маанилүү этабы болуп саналарын билдирди.