Элдин үнү президентке жетти: Садыр Жапаров нарындыктардын көйгөйлөрүн укту

Президент 1963 24 Июнь 2026 16:30
728225889_1334728181401718_323046834380075589_n (1).jpg
729089537_1520092916240882_3745132886062814769_n (1).jpg
728600025_1003193312077990_7191071105021576903_n.jpg
729567233_999371436192925_1930598943286180242_n.jpg
728427457_2469323776922630_505064680225510868_n.jpg
730182931_1865611641078638_488957471097007318_n.jpg
730833836_2027354474535938_4256948243534495074_n.jpg
730713388_2715581858843412_6074375692663951142_n.jpg
730503485_1515007626156328_5824896834649190230_n.jpg
730474141_841885635415689_6176461200876121048_n.jpg
730481175_1576424770584531_754562622932431075_n.jpg
730259066_3490831534405468_8141281832932500919_n.jpg
728243696_2840368186305268_2847007416256085957_n.jpg
728912133_985476994094451_453910371104911894_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушту.

Жашоочулар саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жайыттарды пайдалануу, жарандарды социалдык колдоо, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана сот тутумунун ишин өркүндөтүү боюнча ар кандай суроолорду көтөрүштү.

Медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жашоочулар медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү, текшерүүлөрдү жүргүзүү жана адистердин жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөрдү белгилешти. Мамлекет башчысы өлкөдө саламаттыкты сактоо тутуму модернизацияланып, калкты тейлөөнүн сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатуу максатында медициналык кызматтар санариптештирилип жатканын айтты.

Мындан тышкары, айыл аймактарын өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу жана ишкердик демилгелерди колдоо маселелери талкууланды. Атап айтканда, тургундар бала бакча куруу, токойлорду сактоо жана өнүктүрүү, айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар менен кайрылышты. Садыр Жапаров бардык демилгелер мамлекеттик бюджеттин учурдагы нормаларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен караларын белгиледи.

Тургундар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо, социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатуу, билим берүү мекемелерин логопеддер жана инклюзивдик билим берүү боюнча адистер менен камсыздоо сыяктуу социалдык мүнөздөгү бир катар маселелерди көтөрүштү. Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга айтылган сунуштарды иштеп чыгып, тийиштүү чечимдерди берүүнү тапшырды.

Жолугушууда соттук иштерге, жер талаштарына, укук коргоо органдарынын ишине жана сот чечимдерин аткарууга байланыштуу айрым кайрылуулар айтылды. Мамлекет башчысы ар бир кайрылууну мыйзам чегинде калыс, ар тараптуу жана адилеттүү кароонун зарылдыгын баса белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилген материалдарды кылдат изилдөөнү тапшырды.

Өзгөчө көңүл оор операцияларга жана органдарды трансплантациялоого муктаж адамдарга медициналык жардам көрсөтүү маселесине бурулду. Президент мамлекет ата мекендик медицинанын мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу кеңейтип, жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып жатканын айтты.

Чакан жана орто бизнести колдоо тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров ишкерлерге өз ишин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарда каржылоо алууга мүмкүндүк берген жеңилдетилген насыя берүүнүн мамлекеттик программалары бар экенин эске салды.

Жолугушуунун соңунда президент көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлдө болорун, ал эми мамлекеттик органдар аларды мыйзамда белгиленген тартипте, өз убагында жана калыс кароого милдеттүү экендигин баса белгиледи.