Элдин үнү – бийликтин көңүлүндө: Караколдо тургундардын көйгөйү талкууланды

Аймак 430 12 Май 2026 17:10
2.jpg
1.jpg
695100639_1458165253017611_300781143069804082_n.jpg
696678092_1458165096350960_975452615690816286_n.jpg
697024924_1458165023017634_1174244480590410606_n.jpg
698284676_1458165393017597_2959464469247521908_n.jpg
698360371_1458165129684290_3889693245083593774_n.jpg
698372767_1458165399684263_7905839833183957200_n.jpg
698594319_1458165266350943_3526324507005367081_n.jpg
698818448_1458165289684274_7196065454299162105_n.jpg
699106012_1458165133017623_3512676172026152980_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Каракол шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов тургундарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушууга муниципалдык кызматтардын жана ишканалардын жетекчилери катышып, көтөрүлгөн маселелер жеринде талкууланды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө жер тилкелеринин чектерин тактоо жана ички жолдорду оңдоо, Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу турак жай алууга көмөктөшүү, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын ирээтке келтирүү жана унаа жуучу жайлардын ишин тартипке салуу, маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн жай бөлүп берүү сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Өзгөчө көңүл эл аралык мелдешке даярданып жаткан жаш спортчунун кайрылуусуна бурулуп, шаар башчысы жол кире маселеси боюнча колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр ар бир кайрылууну мыйзам чегинде ыкчам карап чыгуу боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.