Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Элдик медицинада чөптөн жасалган дары-дармектер негизинен оорулардын алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эгер адам ооруп калса, сөзсүз ооруканага барып дарыгердин көзөмөлүндө дарыланышы керек.
“Көпчүлүк учурда чөптөн жасалган дары-дармектер, укалоо, ийне менен дарылоо натыйжа бере турган дарылоо ыкмалары болуп саналат. Салттуу медицинага 5 миң жыл бирок, анын түрлөрү да бар. Мисалы, Кытайды алып көрсөк салттуу медицинанын 5 миң жылдык тарыхы бар. Ал эми азыркы биздин дары-дармекке таянган расмий медицинага 100 жыл”, - дейт Чечейбаев.
Ошондой эле министр элдик медицина иммунитетти көтөрүүдө, организмдин уулануудан тазалоодо, боордун иштешин жакшыртууда жардам берерин бирок, ооруп калган учурда сөзсүз ооруканага барыш керек экендигин эскертти.
“Онкология, жүрөк кан тамыр оорулары сыяктуу илдеттерди дарылоодо жалаң гана элдик медицинага таянбаш керек. Элдик медицина колдоочу терапия болушу мүмкүн. Бирок, ооруган жаран биринчиден дарыгерге барып, оорунун так диагнозу аныкталышы зарыл. Табыптар онкологиялык ооруга чалдыккандарды дарылайм деп, өлтүрүп алган учурлар да болгон”, - деди ал.
Министр кошумчалагандай, Кытайда ШКУ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин жыйыны өтүп, анда төрт суроонун бири болуп салттуу медицинаны өнүктүрүү маселеси каралган.