"Элдик Банк" чакан жана орто бизнес үчүн 6% менен жеңилдетилген кредиттерди бере баштады

Бизнес Загрузка... 09 Февраль 2026 11:16
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Элдик Банк" басма сөз кызматы

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. "Элдик Банк" Кыргызстандын чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн жеңилдетилген кредиттөөнү ишке киргизди.

Эгерде сиз жабдууларыңызды жаңыртууну, сатуу көлөмүн көбөйтүүнү же айланма каражаттарды толуктоону пландап жатсаңыз — бул сунуш сиз үчүн!

Кимдер катыша алат?

Төмөнкү багыттарда иш алып барган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар:

  • тамак-аш азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү
  • тигүү жана текстиль өндүрүшү, бут кийим, тери жана тери буюмдарын чыгаруу
  • туризм жана коштоочу кызматтар
  • билим берүү, анын ичинде мектепке чейинки жана мектеп мекемелери
  • кол өнөрчүлүк
  • экспортко багытталган ишмердүүлүк
  • ишкердиктин башка түрлөрү

(толук тизмеси — банктын сайтында)

Ыңгайлуу шарттар:

  • Пайыздык чен — жылдык 6% (НПЧ 6,17%дан баштап)
  • Мөөнөт — 60 айга чейин
  • Сумма — 50 млн сомго чейин
  • Жеңилдетилген мөөнөт — 6 айга чейин

Камсыздоо:

  • 300 000 сомго чейин — күрөөсүз
  • Зарыл болгон учурда "Кепилдик фонду" ААК тарабынан кепилдик тартууга мүмкүн.

Бизнесиңизди бүгүндөн баштап жаңы деңгээлге чыгарыңыз!

Кененирээк маалымат: 9111 | eldik.kg

КР Улуттук банкынын лицензиясы №033