Элчибек Жантаев Ош облусундагы карыялардан кабар алды

Аймак 29 Сентябрь 2025 14:45
555673609_122186366552368081_6522467886842487435_n.jpg
557346765_122186366276368081_8079525225359016427_n.jpg
556393184_122186366324368081_6204606001287458224_n.jpg
556624833_122186366204368081_7038774180646099789_n.jpg
556215769_122186366378368081_5531055369708400449_n.jpg
557638622_122186366354368081_2268659746397645995_n.jpg
557598584_122186366486368081_4498545605756135936_n.jpg
556087540_122186366336368081_2201772629704803511_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата аймактагы улуу муун өкүлдөрүн куттуктап, алардан кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алгач облус башчысы Ноокат районунун Ак-булак айылына барып, 100 жаштагы ардактуу карыя Абдыкадыр Атабаевдин үйүндө болуп, майрамдык жылуу тилектерин билдирип, белектерин тапшырды.

Андан соң Араван районунун С. Юсупова айыл аймагынын тургуну, Эмгектин ардагери Канахатхон Салимбаева менен жолугушту. Учурда 94 жаштагы Салимбаева апага чың ден соолук жана бактылуу карылык кааланды.

Белгилей кетсек, учурда Ош облусунун аймагында 110459 улгайган жаран бар. Алардын ичинен 1572 ардагердин жаш курагы 90дон ашкан.