Бишкек, 02.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Малатья облусунун губернатору Седдар Явуз, Коопсуздук башкармалыгынын башчысы Ариф Чалкан, Миграция кызматынын башчысы Махмут Куртулмуш жана Малатья шаардык мэриясынын башкы катчысы Мехмет Бейтур менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Казакбаевдин Малатья шаарына болгон иш сапарынын алкагында орун алды.
Жолугушууда тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле бул облуста жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулашты.
Түрк тарап 2023-жылдын февралында Түркиянын түштүк-чыгышындагы бир катар провинцияларда, анын ичинде Малатияда болгон кыйраткыч жер титирөөнүн натыйжасында кыргыз тарап көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Боордош шаарлар болгон Баткен жана Малатия шаарларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөө жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Малатия облусу менен Кыргызстандын облустары ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү зарылчылыгы баса белгиленди.
Бул контекстте элчи Руслан Казакбаев Малатья шаарынын мэри Сами Эрге Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеевдин Баткенги ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакыруусун тапшырды.
Кызматташтыкты чыңдоо максатында тараптар губернатор Седдар Явуз жана Малатья шаарынын мэри Сами Эр Баткен облусуна соода-экономикалык делегациясы менен өз ара иш сапарларды, ошондой эле Баткен шаардык мэриясынын жетекчилигинин Малатьяга жооптук иш сапарын өткөрүүнү макулдашты.
Маалымат үчүн: Малатья облусу өнүккөн агро өнөр жай секторуна ээ жана кургатылган өрүктү өндүрүү жана экспорттоо боюнча дүйнөлүк лидер - бул продуктунун дүйнөлүк экспортунун 85%га жакынын түзөт. Бул облус Кыргызстан үчүн айыл чарба продукцияларын соодалоого, агротехнологияларды алмашууга жана тамак-аш жана жеңил өнөр жай продукциясын биргелешип өндүрүүгө кызыкдар.