Ташкент, 26.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Ташкент шаарында өткөн “Жаш тарыхчылардын IV жайкы мектебине” катышкан кыргызстандык жаш тарыхчылар менен жолукту, деп маалымдайт элчиликтин басма сөз кызматы.
Жолугушууда элчи тарых илиминин коомдогу ордуна токтолуп, анын муундар ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана улуттук иденттүүлүктү сактоого кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле ал жаш адистердин илимий изденүүлөрүнө ийгилик каалап, аларды тарыхый чындыкты калыс чагылдырууга чакырды.
Өз кезегинде жаш тарыхчылар жайкы мектептен алган билимдери менен тажрыйбаларын бөлүшүп, мындай аянтчалар эки өлкөнүн тарыхчыларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Алардын айтымында, кыргыз-өзбек илимий байланышы аймактагы тарыхый мурастын терең изилденишине жана жаңы багыттардын ачылышына жол ачат.
Белгилей кетсек, "Жаш тарыхчылардын IV жайкы мектеби" 17-24-август күндөрү Өзбекстандын Тарых институту жана Жаштар иштери боюнча агенттиги тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстандан келген 11 магистрант, окутуучу жана жаш изилдөөчү катышты.