Элчи Чотонов Намангандагы кыргыз мектебине барды

Коом 18 сентябрь 2025 16:13
photo_18_5.jpg
photo_18_8.jpg
photo_18_7.jpg
photo_18_6.jpg
photo_18_4.jpg
photo_18_3.jpg
photo_18_2.jpg
photo_18_1.jpg
photo_18_0.jpg
photo_18_.jpg
photo_18.jpg
Алдыга
Артка
photo_18_5.jpg
photo_18_8.jpg
photo_18_7.jpg
photo_18_6.jpg
photo_18_4.jpg
photo_18_3.jpg
photo_18_2.jpg
photo_18_1.jpg
photo_18_0.jpg
photo_18_.jpg
photo_18.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Ташкент, 18.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов күн мурун Наманган облусунун Нов айылындагы №56 кыргыз-өзбек жалпы билим берүү мектебине барды, деп билдирет элчиликтин басма сөз кызматы.

Бул сапар Кыргызстандын Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралардын маанилүү бөлүгү болду.

Элчи Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелердин бүгүнкү жогорку деңгээлине өзгөчө токтолду. Ал тил менен маданияттын улуттарды жакындаштырып, жаш муунду тарбиялоодогу ордун белгилеп, мектеп жамаатына өзгөчө жылуу сөздөрүн арнады.

Кыргыз тили майрамынын алдында элчи мектеп окуучуларына жана мугалимдерине ак жол каалап, билим жолундагы аракеттери жемиштүү болушуна тилектештигин билдирди. Ал ошондой эле эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоодо билим берүү мекемелеринин орду чоң экенин баса белгиледи.

Намангандагы кыргыз-өзбек мектебине болгон бул сапар эки мамлекеттин руханий жана маданий байланыштарынын дагы бир көргөзмөсү катары кабыл алынды. Кыргыз тилин урматтоо жана аны жаш муундардын жүрөгүнө сиңирүү аркылуу эки элдин достугуна жаңы дем берүү максаты дагы бир ирет айгинеленди.