Ташкент, 27.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун Фергана өрөөнүнө болгон жумушчу сапарынын алкагында Наманган облусунда жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууда Наманган облусунун Кыргыз маданият борборунун төрайымы Нодира Мирзаолимова элчиге борбордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Өзбекстанда кыргыз тилин жана маданиятын сактоодо, колдоодо улуттук маданий борбордун ролу өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.
Акыркы жылдары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жүргүзүп жаткан саясаттын алкагында өлкөдөгү улуттук маданий борборлорго, анын ичинде кыргыз маданият борборлоруна да маданиятты сактоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнү айтылды.
Дүйшөнкул Чотонов маданий борбордун ишине ийгилик каалап, Кыргызстандын элчилиги тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Расмий маалыматтарга ылайык, Наманган облусунда 20 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Облустагы төрт кыргыз орто мектебинде 3 миңден ашык окуучу билим алууда.
Ошондой эле элчи Дүйшөнкул Чотонов Наманган облусунда өтүп жаткан 64-Эл аралык гүл фестивалынын ачылыш салтанатына да катышты.