Ташкент, 21.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Фергана облусундагы этникалык кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Атап айтканда, элчи Пахтабустон айылындагы №62 кыргыз-өзбек жалпы билим берүү мектебинде окуучулар жана «Бостон», «Янгихаёт» кичирайондорунда жашаган этникалык кыргыздар менен баарлашты.
Жолугушууда кыргыз жана өзбек элдеринин көп кылымдардан бери уланып келе жаткан достугу, тарыхый байланышы жана каада-салттары тууралуу сөз болду. Элчи мекендештерди алдыдагы Кыргыз тил майрамы менен куттуктады.
Андан тышкары, Дүйшөнкул Чотонов Жаманжар айылындагы «Мархаматхан Устод-Шогирд» ишканасынын жана кесиптик окуу жайынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ошондой эле элчи Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозоров менен жолугуп, аймактар аралык инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегин талкуулады.
Тараптар Фергана облусунун олуттуу экономикалык жана өнөр жай потенциалын белгилешип, Кыргызстандын аймактары менен Фергананын ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.