Элчи Чотонов Анжиянда окуп жаткан кыргыз студенттери менен жолукту

Коом Загрузка... 22 Сентябрь 2025 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 22.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Фергана өрөөнүнө болгон жумушчу сапарынын алкагында Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтуна барып, бул жерде билим алып жаткан кыргыз студенттери менен жолугушту.

Элчи институттун ректору, профессор Бахтиёр Расулов менен болгон жолугушууда жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен программаларды ишке киргизүү жана студенттерди алмашуу маселелери талкууланды. Бул демилгелердин жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары баса белгиленди.

Андан соң элчи Кыргыз тили жана маданияты борборунун иши менен таанышып, кыргыз тили бөлүмүндө билим алып жаткан жергиликтүү жана Кыргызстан менен өз ара алмашуу программасы алкагында окуп жаткан студенттер менен баарлашты. Жаштардын улуттук тилге жана маданиятка болгон кызыгуусун жоготпой, билимге умтулуп жатканы кубанычтуу көрүнүш катары бааланды.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, студенттер элчи менен ачык пикир алышып, тажрыйба жана ой-пикирлерин ортого салышты. Бул өз ара баарлашуу кыргыз-өзбек достугунун жаш муундар жүрөгүндө бекем орун алып жатканын айкын көрсөттү.