Элчи Айбек Артыкбаев Монголияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Коом 15 апрель 2025 18:18
52b78e84-6d98-3636-bf6e-6a42e471b755.jpg
5491f484-1f82-3138-918a-e050b059971a.jpg
ba5f9451-24ab-3756-b2fb-c977ead1cdb4.jpg
60727d28-471d-3592-85c9-5cc279f6252d.jpg
52b78e84-6d98-3636-bf6e-6a42e471b755.jpg
10eab704-ef3b-30b7-9869-e7324d12d2f1.jpg
02a16c97-9773-34f0-893f-5b120fef8fc4.jpg
Алдыга
Артка
52b78e84-6d98-3636-bf6e-6a42e471b755.jpg
5491f484-1f82-3138-918a-e050b059971a.jpg
ba5f9451-24ab-3756-b2fb-c977ead1cdb4.jpg
60727d28-471d-3592-85c9-5cc279f6252d.jpg
52b78e84-6d98-3636-bf6e-6a42e471b755.jpg
10eab704-ef3b-30b7-9869-e7324d12d2f1.jpg
02a16c97-9773-34f0-893f-5b120fef8fc4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголияда жашаган мекендештер менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Айбек Артыкбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” доктринасынын негизги жоболору менен тааныштырып, демилгени ишке ашыруу элдин ынтымагын чыңдоо, жарандык патриотизмди өнүктүрүү жана улуттук духту көтөрүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, элчи Айбек Артыкбаев кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев тууралуу айтып берди. Алардын азыркы Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз тарыхый салымын белгилеп, алардын элесин сактоонун жана эгемендүү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн инсандар тууралуу билимди жаш муундарга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Монголияда жүрүү тартиби, жергиликтүү мыйзамдарды, атап айтканда миграциялык нормаларды сактоо маселелерине, ошондой эле укуктук сабаттуулукту жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Санариптештирүү жана маалыматтык мейкиндикте коркунучтардын өсүү шартында актуалдуу болуп бара жаткан киберкоопсуздуктун негиздерин изилдөө темасы өзүнчө козголду.

Иш-чаранын алкагында мекендештер консулдук маселелер боюнча элчиликтин кызматкерлери менен кеңешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.