Эл силерди издеп зар какшабасын: Жапаров маселени жеринде чечүүнү талап кылды

Президент Загрузка... 30 Июнь 2026 16:55
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система да бүтүшү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров облус башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Президент Ош жана Нарын облустарына болгон иш сапарларын, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын кайрылууларын жеке өзү укканын эске салды.

“Алардын 80-90 пайызы борбордон эмес, жеринде эле чечиле турган маселелер болуп чыкты. Ичүүчү суу, ирригация, ички жолдор, жер маселелери, көчөлөрдү жарыктандыруу, муниципалдык кызматтар, социалдык инфратүзүм жана башка жергиликтүү деңгээлде чечиле турган башка көйгөйлөр дээрлик бардык райондордо айтылды. Чындыгында бул маселелердин көбү бүгүн эле пайда боло калган жок. Бирок айлап-жылдап, айрым учурларда ондогон жылдар бою чечилбей келет”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент мындан ары мындай башкаруу системасынан баш тартууга мезгил келип жеткенин баса белгиледи.

“Жоопкерчиликти бир мекемеден башкасына, бир жетекчиден экинчисине түртүп, убакыт өткөргөн мезгил бүттү. Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу жана өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек. Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система да бүтүшү керек!” - деди Садыр Жапаров.