Бишкек 09.06.25 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Парламенттен билдиришкендей, алгач, эл өкүлдөрү «Бишкек 2 – Балыкчы» темир жол каттамы аркылуу жаңыланган вагондо жүргүнчүлөр менен бирге барып, оңдоо иштеринин сапатына күбө болушту. Ошондой эле, депутаттар поездде бараткандар менен баарлашып, ар бир вагонду кыдырып чыгышты.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы өз күчү менен быйыл дагы 2 вагонду модернизациялап, жалпысынан заманбап алты вагон каттамга коюлган. Маалыматка ылайык 2024-жылы ишкана 9 200,2 миң тонна жүк жана 271 600 жүргүнчү ташыган. Быйыл алгачкы жолу «Балыкчы пляж» аялдамасы ишке берилип, жүргүнчүлөр поезд менен пляжга чейин түз жетишет. Бул туристтер үчүн кошумча ыңгайлуулукту камсыз кылат.
Комитет мүчөлөрү андан ары Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштеринен кабар алышты. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси Азамат Сакиев билдиргендей долбоордун Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгүнүн 30-чакырымынан 44-чакырымына чейин суу куурларын орнотуу, бургулоо жана жардыруу сыяктуу иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары 37 чакырым аралыкта жолдун үстүңкү курулушу бүткөрүлүп, 38-чакырымына балласт, рельс жана шпалдарды жеткирүү иштери кызуу жүрүүдө. 63 чакырым узундуктагы Балыкчы – Кочкор темир жолун куруунун болжолдуу баасы 9 472 млн сомду түзөт.
Комитет мүчөлөрү мындан тышкары Бишкек 2, Балыкчы темир жол бекеттеринин абалы менен таанышып, Кочкор районундагы жумушчулар үчүн салынган жатакананы да көрүштү.