Эл наркы. Наркты сактаган – өзүн сактайт, өзгө үчүн жан үрөйт

Коом Загрузка... 27 Август 2025 16:16
WhatsApp Image 2025-08-27 at 15.57.10.jpeg
copyright icon Асхат Бейшембеков: "Хан-Теңири"

Данияр Исанов

Бардык материалдар

"Кабар" маалымат агенттиги мындан ары кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, тарыхы жана мамлекеттүүлүктү түптөгөн инсандар туурасында “Өзөк” аттуу атайын рубрикасын окурмандарга сунуштайт. Бул ирет эл наркы тууралуу сөз болот.

Адатта:

– Наркын сактаган сөөлөттүү адам! – деп урмат-сыйга татыган аброю артык адамга карата айтылат.

Ал эми бул сөзгө татыктуу болуш үчүн оңбогондой күч жумшалат. Ата-тегинен ооп, анан канында катылуу жаткан касиеттер баланын айлананы карап, табиятка, тегерек-четке аяр мамиле жасаганынан, жаштайынан тартып улууну урматтай билген, өзүнөн кичүүлөрүнө камкор болуп, улуу сөздү угуп эле тим болбой аны жан дүйнөсүндө кастарлаган, ата-энесин сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылбай ар намысы көкүрөгүнө жирелген, кийин турмуштук тажрыйбалардан улам такшалып атып акыл токтотуп качан кырктын кырынан ооп, элүүнү этектеген кезде ар бир кадамына саресеп салып туура тыянак чыгарган, калыс сөзүнөн тайбаган, ката кетирсе айыбын мойнуна алган адамга карата берилчү сыймыктуу баа.

Нарктуу адам – майда нерселер менен алектенбейт...

Майда-барат турмуштук маселелер аны канчалык кыйнаса да сабырынан жазбай, буйруганы болор деп баарына шүгүр кылып, өзүн татыктуу алып жүргөн адамдын бийик даражасы, эл берген наамы!

Нарктуу адамга сыйлыкты – эл берет. Ар кандай сыйлык, медалдардан алда канча бийик турган ченемсиз сыйлык – дал ушул калың элдин бирдей пикирге келип отуруп, анын баскан-турганынан, сүйлөгөн сөзүнөн, жасаган кадамдарынан үлгү ала турчу деңгээлге көтөрүлгөндө гана бериле турчу баасы.

Дагы мезгилдер өтүп ал адам карылыкка моюн сунганда дилиндеги даанышмандык менен айткан сөзү жаза кетпей, ооздон чыккан кеби жерде калбай элге жетип, ал эмнени айтса журту ошону аткарышканда гана насили таза, тунук эске ээ, наркы бийик деп урмат-сыйга бөлөйт.

* * *

Эми ушул жерден төр деген сөзгө учкай маани бере кетсек. Төр – бир дасторкондо олтурган адамдар арасынан жашы улуусуна, баркына жараша берилчү сыйлуу орун. Төрдө олтурган адам – туура эмес сүйлөбөшү кажет. Андай калжың-кулжуң сөз сүйлөөгө анын эзели укугу жок. Анткени алдында жалаң өзүнөн кичүүлөр анын оозуна карап, ар бир кыймылына көз салып турат. Андан үлгү алат. Медер тутат.

Кокус акыл чөйчөгү тайкы, өз пайдасын көздөгөн, мал-мүлккө, жалтырак-жултуракка кызыгып, көрдүйнө деңгээлинен көтөрүлө албай калыстыгынан тайган аксакал болсо, ал жөн гана жашына карап төрүнө өткөзгөнү деп бил. Андайда алиги деңгээли тайкы немени алдына келип пайдалана калайын деп турган кайсы бир аткаминер жашы улуу неменин беделине доо кетирип, өзү менен кошо жаман ишке кириптер кылат. Ал эми сөөлөттүү, нарктуу аксакал баардыгын өз убагында баамдап, андай жексурларды улутка карата кыянат иш жасаба деп зекийт. Анын жүрөгү жалаң акыйкат деп согуп, акыйкат деп атып токтойт.

Элдеги “төрүмөн көрүм жакын” деген сөз тегин жерден айтылбаган. Жашы улуу адам эч качан өлүмдөн коркпойт. Өмүр сааты соңуна келип, ажал менен беттешчү сааты жакын калганын баамдаган киши кантип өлүмдөн коркууга тийиш!? Эми жаш кезде билбестик кылып, тажрыйбасы аздыгынан далай ката кетирсе да, жок дегенде өлөөр алдында акыйкат деп жаным чыксын, бу дүйнө өзү жалган деген сөздү айтып жатып акка моюн сунат.

* * *

Дале эсимде, мен бала чакта айылда нарктуу делген аксакалдар айылыбызда жүздөп саналбаса да, бир топ бар болчу. Алар азыркыдай сүйлөсө эле ооздон билип-билбей талкуулашкан саясий сөздү агытпай, тээ өзөккө кайтып, ата-бабасынын баскан жолунан кеп салып, өнөр тууралуу саймедирешчү. Илгерки баатырлардын баянын, өзүнүн турмуш жолундагы урунттуу учурларын, кокус, кемчилик кетирип жаза басса анысын да мойнуна алып: “кап, атаңгөрү ай, ошондо мен таптакыр туура эмес иш жасапмын, сен андай кыла көрбө, менин катамды кайталаба, айланайын!” – деп алкап, ак батасын арнашчу.

* * *

Азыр эми, айтайын десең арман көп...

Беш манжа тең эмес. Кандай гана отуруштарга же эл жыйылган жерлерге барбайлы, бардыгы туташ жаттап алгандай саясатты сүйлөп: “тигил биздин уул”, “ал биздин уруудан”, “кантсе да өзүбүздүкү” деген сөздөрдү угуп алып көңүл ооруйт. Эгемендикке жеткен күндөн бери карай элибиз далай жоготууларга дуушар болду. Материалдык дүйнөдөн да жүз эсе бийик турган руханий көрөңгөбүз аз жерден жылас болуп кете жаздады. Эки кишинин башы кошулса алган унаасын, салган үч кабат тамын, көтөргөн чөнтөк телефонун, уул-кызынын чоң кызматка олтурганын саймедиреп жар салат. Өзөгүмө башбагайын, тамырыма кайтайын, мен каяктан келдим, өлкөмө эмне иш жасай алдым дебейт. Бул өтө кооптуу көрүнүш!

Кезегинде улутубузду сактап бизге жеткирген, маанилүү нерсебиз маданият деп Ата Журт жүгүн мойнуна арткан, мамлекет башында туруп каруусун казык кылган инсандарыбыз тууралуу ортодо кызуу талаштар жүрсө не, атаганат!

Кайда гана барба, ортодо саясат... саясат... саясат...

* * *

Бир гана нерсеге каниет кылам. Арабызда чыныгы чыгармачыл, жаман иш жасагандан жазганган, инсандык сапаты бар, маданият эле эмес илим-билимде, кайсыл гана тармакта болбосун патриоттук сезим менен жашаган жаштарыбыз да бар. Бир гана үмүт – эми ошолордо!

* * *

Улуттук түшүнүк жана нарк – бири-бирин толуктаган идея, философиялык эс-тутум жана аң-сезим. Мына ушуларды бириктирип келгенде гана өзүбүздүн өтмүшүбүздү таап, алдыга ишенимдүү кадам шилтейбиз.

Эл наркы – бүтүндөй улуттун байыркы баатыр бабаларынын руханий көрөңгөсүн боюна сыйдырып, аны кошо ала жүргөн улуу касиети, сыймыгы, пир тутканы. Эл наркы жоголсо, улуттун жоголгону. Ушундан улам эл-жерди сактоо, кийинки муунга аманат жеткирүү, алакандай мамлекетибиздин амандыгын тилеп, эгемендик туусун бийикте желбиретүү, жерди сактоо – ал, элдин өзүнүн тулку-боюнда көтөрүп жүргөн улуу касиетинде. Өкүнүчтүүсү, азыркы кырдаалда улуттук наркты сактоо кыйынчылыктарды жаратып келет. Маалымат технологиясы, ааламдашуу шартында элдик маданият, нарк-насил айткан жерден алыс кылсын, жоголуу коркунучунда турат деген күдүк ой зээнди кейитет.

Анан бир туруп сан жагынан өтө аз саналган кыргыз миң жылдап олтуруп бүгүнкү күнгө эсен-соо жеткенин эске алсак, каныбызда ойногон “Манас” духу, комуз күүсү, санжырабыз, улуттук оюндарыбыз, сөзгө терең маани бере билген өзгөчөлүгүбүз гана аман сактап тургандай. Демек, дүйнөдө канчалаган улуттар жок болот деп айрым бир аалымдар канчалык айгайлап көзү ачыктык кылган учурда да келечекке ишенимдүү кадам таштап, өткөн жолго сереп салып, өзөккө кайтуу – жылт эткен үмүттүн шооласын жандыргансыйт.