Эль-Кувейтте кыргыз-кувейт ТИМдер аралык саясий консультациялар өттү — Кабар

Эль-Кувейтте кыргыз-кувейт ТИМдер аралык саясий консультациялар өттү

Саясат 24 сентябрь 2025 09:25
548802877_1206492651514243_1768037312514562586_n.jpg
552796111_1206492618180913_8736375919619207625_n.jpg
552931597_1206492694847572_76695487624332022_n.jpg
Алдыга
Артка
548802877_1206492651514243_1768037312514562586_n.jpg
552796111_1206492618180913_8736375919619207625_n.jpg
552931597_1206492694847572_76695487624332022_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Күн мурун Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейттин Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда төртүнчү саясий консультациялар өттү.

Вдомстводон маалымдашкандай, консультациялар тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Темирбек Эркинов жана Самих Иса Жаухар Хаяттын деңгээлинде өттү.

Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар өз ара саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын учурдагы абалын, ошондой эле эки тараптуу жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Делегациялар мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жандандыруу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы келишим-укуктук базаны кеңейтүү маселелеринде бир пикирге келишти.

Ошондой эле кеңешмелердин алкагында актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу орун алды. Тараптар регионалдык коопсуздук жана туруктуулукту бекемдөөгө болгон өз ара кызыгуусун белгилешип, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, БУУ, Ислам кызматташтык уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү менен тыгыз кызматташууну улантуу жөнүндө макулдашышты.