Эл өкүлдөрү Ошто ишке ашырыла турган ири долбоорлор менен таанышты

Аймак 25 Апрель 2026 10:25
1.jpg
678880816_1303984108587150_8967759740428957968_n.jpg
678910689_1303983638587197_2738623627350125577_n.jpg
679066753_1303983488587212_3707400755386026687_n.jpg
679182504_1303983641920530_1106802266691773149_n.jpg
679268880_1303983968587164_990980731764733764_n.jpg
679358135_1303983511920543_3675907638665739877_n.jpg
679471757_1303984281920466_1359528127688869121_n.jpg
679702985_1303984301920464_6314516228457090455_n.jpg
679734035_1303984745253753_3641115883086587108_n.jpg
680199221_1303983798587181_155179820366859260_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаардык мэриясы

Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобу менен жолугушуу өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анын алкагында калаа башчысы шаарда ишке ашырылып жаткан бир катар ири социалдык-экономикалык долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Тактап айтканда, шаар башчысы Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу багытындагы иштер, жаңы сейил бактардын курулушу, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун долбоору, рекультивацияланган көрүстөндөрдү жашыл аймакка трансформациялоо, ошондой эле курулушу жүрүп жаткан муниципалдык ипотекалык турак жайлар боюнча презентация жасады.

Мэр өз сөзүндө акыркы мезгилде шаарга инвестиция салууга ниеттенген тараптар көбөйүп жатканын да белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттар шаар бийлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баа берип, колдоо көрсөтө тургандыгын билдиришти.