Эл өкүлү Россиядан Кыргызстанга болгон авиабилеттин баасы кымбат болуп жатканына нааразы

Коом Загрузка... 21 Май 2025 13:25
WhatsApp Image 2025-05-21 at 09.25.58.jpeg

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Бүгүн парламент жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев Жарандык авиация агенттигинен Россиядан Кыргызстанга болгон авиабилеттин баасы эмне үчүн көтөрүлүп жатканын сурады.

Эл өкүлү учурда Россияда 300 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жатканын билдирди.

“Алардын баары эс алуу маалында же башка себептерден улам үйлөрүнө барууну каалашат. Бирок билеттердин баасы абдан кымбат болуп жатат. Мисалы, Өзбекстан менен Россиянын ортосундагы аралык Кыргызстан менен Россиянын ортосундагыдай эле. Бирок, билеттердин баасы абдан айырмаланат. Өзбекстанга 4 адам учса, алардын билети болжол менен 40-50 миң сомду түзөт, ал эми Кыргызстанга 140 миң сом болот. Эмне үчүн баалар мынчалык кымбат?" - деп сурады депутат.

Өз кезегинде Жарандык авиация агенттигинин өкүлү Канат Төлөгөнов авиабилеттин баасы күйүүчү майдын баасына жараша түзүлөрүн белгиледи. Ал ошондой эле кайсы авиакомпанияда авиабилеттер 140 миң сом болуп жатканын карап чыгууну убада кылды.