Эл өкүлү окуучулар интернетке өткөндөн кийин сабактар ​​болбой жатканын айтууда

Коом Загрузка... 10 Сентябрь 2025 12:45
WhatsApp_Image_2025_dlF3OC9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Студенттер 15 күндөн бери онлайн окууга өткөн, бирок окугандары байкалбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, жолдорду оңдоо иштери жана жол тыгындарынан улам окуучулар жарым айга онлайн окууга өткөн.

"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө онлайн окутуу жүргүзүлбөй жатат. Интернет жок, байланыш жок ж.б.у.с. Бүгүн 10-сентябрь, бирок окуу болгон жок. Бул маселени эки министрликтин ортосунда чечип берүүнү суранам", - деди депутат Жогорку Кеңештеги өкмөттүн өкүлүнө кайрылып.

Эске салсак, Бишкекте студенттер 15-сентябрга чейин онлайн окууга өткөн.