Эл аралык валюта фонду Өзбекстанга салык тармагын реформалоону сунуштады

Борбор Азия Загрузка... 26 Июнь 2025 16:43
WhatsApp Image 2025-06-26 at 09.02.12.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.06.25. /Кабар/. Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Өзбекстанга салык базасын кеңейтүү жана ички дүң продукциянын (ИДП) салык кирешелеринин үлүшүн жогорулатуу багытында чечкиндүү чараларды көрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу мекеменин Ташкенттеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

ЭВФ Өзбекстан өкмөтүнө үч жыл аралыгында ИДПдагы салык кирешелеринин 2 пайыздык төмөндөшүн камсыздап, салык системасын адилеттүү кылууга багытталган стратегияны кабыл алууну сунуштады.

Тактап айтканда, спирт ичимдиктерине, казылып алынуучу отунга, унааларга жана кум шекерге болгон акциздерди жогорулатуу, инвестициялык жеңилдиктерди кыскартуу, киреше салыгына байланыштуу жеңилдиктерди кайра кароо жана натыйжасыз бажы жеңилдиктерин жоюу сунушталууда.

Салык саясатын элге адилеттүү кылуу максатында учурдагы түз табыш салыгынын ордуна баскычтуу (прогрессивдүү) система киргизүү сунушталды.

Ошондой эле ЭВФ Салык комитетин 2025-2030-жылдары реформалоо стратегиясын ылдамдатууну сунуштап, каржылык маалыматтардын жетишсиздиги, көзөмөлдүн алсыздыгы жана коомдук ишенимди өлчөөчү механизмдердин жоктугу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү белгиледи.

Мындан сырткары, ЭВФ көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча Өзбекстанда кабыл алынган стратегияны колдоп, аны нактасыз төлөмдөрдү көбөйтүү аркылуу бекемдөө зарылдыгын кошумчалады.

Фонддун серепчилеринин баамында, салык базасын кеңейтүү жана салык системасын реформалоо — өлкөнүн негизги социалдык жана инфраструктуралык муктаждыктарын камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик каржыны натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө болот.

Эске сала кетсек, Өзбекстан 2019-жылдан бери бирдиктүү 12 пайыздык табыш салыгын колдонуп келет. Мурда табыш салыгы прогрессивдүү болуп, эң жогорку чеги 22,5 пайызга жетчү.