Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Эл аралык уюмдардын жетекчилери президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Алардын арасында Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев, БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин башкы катчысы Сергей Лебедев, Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Эрмекбаев, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ошондой эле ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султана Раев жана башкалардын куттуктоосу бар.