Эл аралык театр күнү: Сахнадагы чыгармачылык майрамы

Маданият Загрузка... 27 Март 2026 15:55
476804248_1707571639791296_1704121421285253044_n.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

27-март — Эл аралык театр күнү. Бул күнү дүйнө жүзүндөгү театрлар чыгармачылыктын майрамын белгилеп, сахнанын керемет дүйнөсүнө өзгөчө көңүл бурушат. Театр — адам тагдырын, коомдогу көйгөйлөрдү жана руханий баалуулуктарды сахнанын сыйкыры аркылуу чагылдырган, көркөм өнөрдүн эң таасирдүү түрлөрүнүн бири. Ал көрүүчүнү терең ойлонууга жетелеп, жүрөгүнө жетип, жашоого болгон көз карашты өзгөртө алган өзгөчө күчкө ээ.

Бул өнөр Кыргызстанда кандай жана качан калыптанган?

Кыргыз театрынын тарыхы XIX кылымдын аягында башталып, XX кылымдын башында өнүгө баштаган. Алгачкы пьесалар улуттук фольклордон жана эпостордон алынган. 1920–1930-жылдарда Бишкекте жана Ошто театр ансамблдери уюштурулуп, сахна кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгүнө айланган. Ошондой эле алгачкы спектаклдер көбүнчө комедия жана драма жанрында болуп, коомдук турмушту чагылдырган.

Ал эми профессионалдык драма театры Октябрь революциясынан кийин калыптанып, 1926-жылы Фрунзе шаарында музыкалуу-драмалык студия уюштурулуп, алгачкы жолу "Кайгылуу Какей" спектакли коюлган.

1930–1940-жылдары кыргыз театры активдүү өнүгүп, жаңы багыттар пайда болгон. Опера жана балет театры, орус драма театры, жаш көрүүчүлөр театры ачылып, улуттук спектаклдер сахналаштырылат. Алгачкы белгилүү чыгармалардын катарына "Алтын кыз", "Ажал ордуна", "Айчүрөк" сыяктуу спектаклдер кирет.

СССР мезгилинде кыргыз театры андан ары өнүгүп, профессионалдык театр искусствосуна айланган. Бул кезде драматургия, режиссура жана актёрдук өнөр системалуу түрдө өнүктүрүлгөн.

Ошол доор кыргыз театрынын алтын мууну менен өзгөчөлөнөт. Сахнанын корифейлери катары Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Алиман Жангорозова, Гүлшара Дулатова, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева сыяктуу залкар инсандар кыргыз сахнасынын өнүгүшүнө зор салым кошушкан.

Ал эми режиссура тармагында Мамат Рыскулов, Жалил Абдыкадыров, Медербек Назаралиев, Бообек Ибраев, Офелия Еркимбаева, Искендер Рыскулов, Алмаз Сарлыкбеков жана башка таланттуу инсандар өздөрүнүн жаңычыл көз карашы, чыгармачыл изденүүлөрү менен театр искусствосун жаңы деңгээлге көтөрүшкөн.

Бүгүнкү кыргыз театры

Бүгүнкү күндө кыргыз театры улуттук маданияттын ажырагыс жана маанилүү бөлүгүнө айланды. Ал тарыхты, салт-санааны жана заманбап коомдун көйгөйлөрүн чагылдыруу менен көрүүчүнү ойлонткон, тарбиялаган күчтүү искусство бойдон калууда.

Ошол эле учурда театр өнөрү тынымсыз өнүгүп, жаңы багыттарды өздөштүрүп, заманбап режиссёрлордун эксперименталдык изденүүлөрү менен байып жатат. Кыргыз театрлары өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да активдүү болуп, түрдүү фестивалдарга жана сынактарга катышып, улуттук искусствону даңазалап келишүүдө.

Кыргызстанда төмөндөгүдөй театрлар жана маданий мекемелер иш алып барат:

  • А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;
  • Кыргыз улуттук "Манас" театры;
  • Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры;
  • Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры;
  • Чүй облустук камералык оркестри;
  • М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;
  • Н. Шаамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры;
  • Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
  • Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы;
  • Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы;
  • С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры;
  • Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры;
  • Мамлекеттик "Учур" жаштар театры.
  • Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры;
  • Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры;
  • М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры;
  • К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театры;
  • Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык-драма жана сатира театры;
  • А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры;
  • К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры;
  • К. Акыев атындагы Жумгал музыкалык-драма театры;
  • Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры;
  • Кочкор музыкалык-драма театры.

Быйыл кыргыз театрына 100 жыл толуп жатат. Бул маараке мамлекеттик деңгээлде кеңири жана чоң салтанат менен белгиленет.