Эл аралык тазалык күнү. Өлкөнүн бардык аймактарында ишембиликтер өтүүдө

Коом 20 сентябрь 2025 14:50
WhatsApp_Image_vgh8yV3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_29ryLk4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_lLATRKd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_m4sWJ2O.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_3iXHY5Z.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.09.25. /Кабар/. Бүгүн бүткүл өлкө боюнча 2022-жылдын 6-сентябрындагы "Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" президенттин жарлыгынын алкагында Эл аралык тазалык күнү өттү.

Акциянын негизги максаты — калктуу конуштарда тазалыкты сактоо гана эмес, ошондой эле экологиялык маданиятты калыптандыруу жана жарандардын айлана-чөйрөнүн абалына карата жеке жоопкерчилигин жогорулатуу.

Республика боюнча миңдеген жашоочулар шаарларды, айылдарды, парктарды жана эс алуучу жайларды тазалоого чыгышты. Президенттик администрациянын жамааты Чүй облусундагы Аламүдүн капчыгайында ишембилик өткөрүп, аймактарды тазалап, таштандыларды чогултушту.

Мындай иш-чаралар экологиялык абалды жакшыртууга, жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын бекемдөөгө жана коомду Кыргызстанды жашоо үчүн таза жана ыңгайлуу кылуу максатынын айланасында бириктирүүгө өбөлгө түзөт.