Эл аралык стандартта: Нарындагы стадиондо курулуш кызуу жүрүүдө — Кабар

Эл аралык стандартта: Нарындагы стадиондо курулуш кызуу жүрүүдө

Аймак 21 июль 2026 15:00
752674540_1543377463927964_7999711592895434218_n.jpg
749651960_1543377083928002_6591671836233540380_n.jpg
749419764_1543377327261311_7851594460534508843_n.jpg
750117721_1543377570594620_3320065312800488732_n.jpg
753164103_1543377503927960_10474752320229027_n.jpg
751591712_1543377313927979_5794935336303651400_n.jpg
752391280_1543377123927998_3895021020068981102_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/ Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” борбордук стадиону толук реконструкциядан өткөрүлүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаңылоо иштери 2025-жылдын июнь айында башталып, каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каралган.

Бүгүнкү күндө курулуш аянтында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Административдик корпустун А жана Б блокторунда бетон конструкцияларын орнотуу иштери аяктады. Учурда футбол талаасынын котлованы казылып, жарыктандыруу мамылары орнотулду.

Башкы планга ылайык, стадион 4500 көрүүчүгө ылайыкталып, VIP-коноктор жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн атайын аянтчалар каралат.

Ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген футбол талаасы, заманбап административдик имарат курулуп, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Стадиондун жалпы аянты 3,5 гектардан ашык жерди ээлейт.