Бишкек, 17.08.26 /Кабар/. Өлкөдө маанилүү эл аралык масштабдагы иш-чаралар өтүп жатканына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо жана конокторду тосуп алуу иштеринин алкагында айрым жолдор убактылуу жабылып, транспорт каражаттарынын кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал белгилегендей, мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өлкөнүн имиджине түздөн-түз таасир этет.
"Алдыда өлкөбүздө маанилүү эл аралык масштабдагы иш-чаралар өткөнү турат. Ага байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылып, кыймылга чектөөлөр киргизилерин алдын ала коомчулукка айтып келдик. Албетте, бул айрымдарга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок келгиле, ушул күндөрү бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, сабырдуулугубуз жана маданиятыбыз менен үлгү бололу. Келген коноктор кыргызстандыктардын кең пейилин, намысын, маданиятын жана адамгерчилигин көрүп кетсин.
Келгиле, бул күндөрү ар-бирибиз колдон келген жардамыбызды берип, тартипти сактап, бири-бирибизге кол кабыш кылалы. Анткени бул бир эле мамлекеттик иш эмес. Бул - ар бирибизге тиешелүү жоопкерчилик. Бул - Кыргызстаныбыздын жүзү. Биримдигибиз менен үлгү бололу. Маданиятыбызды даңазалайлы. Кыргызстанды татыктуу көрсөтөлү",- деген Дайырбек Орунбеков.