Эл аралык издөөдө жүргөн жаран АКШдан экстрадицияланды

Укук тартиби 6 июль 2026 10:30
Эл аралык издөөдө жүргөн жаран АКШдан экстрадицияланды

Бишкек, 04.07.26. /Кабар/. Алдамчылыкка айыпталган жаран АКШдан Кыргызстанга кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында, эл аралык издөөдө жүргөн, алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталган А.А. Кыргызстанга алынып келинип, тергөө абагына киргизилди.

"А.А. жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпысынан 15 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген",-деп айтылат маалыматта.