Эл аралык фонд Балыкчыга ипотекалык турак жай курууга жардам берет

Аймак Загрузка... 07 Октябрь 2025 18:22
22e2e960fb1e57abc4c.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания жеңилдетилген турак жай долбоорлорун ишке ашыруу максатында эл аралык каржы институттарынан кошумча каражат тартуу иштерин активдүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу МИКтин төрагасынын орун басары Асылгүл Сыдыкова “Кабар” агенттигинин түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ипотекалык программасына кызыккан адамдардын саны көбөйүп, өнөктөштөрдүн чөйрөсү да кеңейүүдө.

“Учурда биз Араб фонду менен Балыкчы шаарында турак үйлөрдү куруу маселеси боюнча кызматташып жатабыз. Азия өнүктүрүү банкы аркылуу да ратификациядан өткөн долбоорлор бекитилди. Бул багытта жеңилдетилген ипотека каралган, бирок пайыздык чендер аталган банктын талаптарына ылайык бир аз жогору. Жалгыз бой аялдарга жана экинчи жолу турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп жатабыз”,-деди Сыдыкова.

Андан сырткары, ал Ислам фондусу менен 3 млн долларлык иш алып барылып жатканын, ошондой эле германиялык KfW банкы менен сүйлөшүүлөр аяктоого жакындап калганын айтты.

“Бардык берилген каражаттар — насыя болуп саналат жана биз аны максаттуу колдонушубуз керек. Ар бир салынган сом жарандардын турак жай маселесин чечүүгө салым кошууга тийиш”,-деп белгиледи МИК төрагасынын орун басары.