Эквадордо түрмөдөгү тополоңдон 31 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 11 Ноябрь 2025 17:35
WhatsApp Image 2025-11-11 at 10.15.46.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.25 /Кабар/. Эквадордун Эль-Оро провинциясында жайгашкан Мачала түрмөсүндө чыккан тополоңдон кеминде 31 адам каза тапты. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, анын ичинен 27 туткун муунуп, дагы 4 адам курал колдонулган козголоң маалында каза болгон. Ошондой эле ондогон адамдар жаракат алышкан. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн таңкы саат 03:00 чамасында башталган. Түрмөнүн сыртында ок атышуулардын, жарылуулардын үнү угулган.

Түрмөлөрдү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 33 туткун жана 1 полиция кызматкери жаракат алганын тастыктап, окуя болгон жерге атайын күчтөр жөнөтүлүп, мекеме көзөмөлгө алынганын билдирген.

Учурда тополоңдун себептери териштирилип жатат.

Белгилей кетсек, былтыр сентябрда дал ушул Мачала түрмөсүндө дагы бир куралдуу кагылышуу катталып, анын кесепетинен 13 адам, анын ичинде бир түрмө кызматкери каза болгон.