Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Эквадордун түштүк-батышында жайгашкан барда болгон атышуудан кеминде 17 адам каза болуп, дагы 11и жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун Гуаяс провинциясындагы Эль-Эмпальме шаарында болгон.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматтарына караганда, сегизге чукул куралчан адам барга кирип келип, туш келди ок чыгарган.
Полиция шектүүлөрдү кармоо максатында аймакта кеңири масштабдагы издөө иштерин баштаганын билдирди. Укук коргоо органдары бул окуяны баңгизат соодасы менен алектенген кылмыштуу топтордун ортосундагы кагылышка байланыштуу деп эсептешүүдө.
Эквадордун президенти Даниэль Нобоа 2024-жылдын январында баңги аткезчилиги менен алектенген уюшкан кылмыштуу топторго каршы "ички куралдуу кагылыш" режимин жарыялагандан бери өлкөдө коопсуздук кризисин жоюу боюнча аракеттерди улантууда.