ЭКСПО 2025. Gold Award сыйлыгы Кыргызстан үчүн жогорку баа жана абройлуу жетишкендик - Жээналиев

Экономика Загрузка... 14 Октябрь 2025 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Үстүбүздөгү жылдын апрелинен октябрь айына чейинки алты ай аралыгында Япониянын Осака шаарында өткөн Дүйнөлүк ЭКСПО 2025 көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону алтын сыйлыкка ээ болду. Кыргызстан бул ири аянтчага өзүнүн уникалдуу маданий мурастарын, жаратылыш менен гармониядагы жашоо философиясын жана заманбап технологиялык жетишкендиктерин айкалыштырган улуттук павильону менен катышып, дүйнөлүк коомчулуктун чоң кызыгуусуна татыды. Көргөзмөдө улуттук аянтчабыз өлкөбүздүн кандай инвестициялык потенциалын көрсөтө алды, Кыргызстандын уюштуруусунда кандай иш-чаралар өткөрүлдү жана бул алтын сыйлык бизге эмне бере тургандыгы тууралуу КР президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары, Кыргызстандын ЭКСПО 2025 - Осака Башкы комиссары Жалын Жээналиев “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.

7be87407-2c56-423d-8e59-0cea930ee208.jpg

- Япониянын Осака шаарында 169 өлкөнүн катышуусунда өткөн Дүйнөлүк ЭКСПО 2025 көргөзмөсүнүн негизги максаты кандай?

- Дүйнөлүк ЭКСПО 2025 көргөзмөсүнүн негизги максаты - адамзаттын келечеги үчүн туруктуу өнүгүүнүн жаңы жолдорун табуу, инновациялык идеяларды жайылтуу жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү ортосундагы маданий, экономикалык жана илимий байланыштарды чыңдоо болуп саналат. ЭКСПО - бул ар бир мамлекетке өзүнүн өзгөчөлүгүн, маданиятын жана өнүгүү потенциалын дүйнөгө көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берген ири эл аралык платформа. Дүйнөлүк ЭКСПО көргөзмөсү өзүнүн масштабы жана эл аралык мааниси боюнча Олимпиада оюндарынa теңдеш. Япониянын Осака шаарында өткөн ЭКСПО 2025 - Осака көргөзмөсү ар 5 жылда бир жолу өткөрүлүүчү Дүйнөлүк ЭКСПОлордун ичинен эң ири жана эң масштабдуу иш-чара болуп эсептелет.

- Дүйнөлүк көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук павильонун башкалардан өзгөчөлүгү эмнеде болду?

- Кыргызстандын улуттук павильону толугу менен кол менен жасалган экспозициялардан түзүлүп, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана жаратылыш менен гармониядагы жашоо философиясын заманбап ыкмада чагылдырып берди. Калыстар тобу өзгөчө жасалма интеллект (ЖИ) колдонулган элементтерге жана технология менен салттуулуктун айкалышына жогору баа беришти. Павильондо “Акылай” акылдуу тил катчысы япон тилинде Кыргызстан тууралуу айтып берип, конокторду виртуалдуу саякатка жетелесе, “Mirror AI” программасы павильондун конокторуна кыргыз улуттук кийимдерин “виртуалдуу кийип көрүүгө” жана ошол тажрыйбаны видеого жаздырып алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Өзгөчө Empowering Lives номинациясында Кыргызстандын экспозициялары адамдын чыгармачылык потенциалын, билимдин күчүн жана маданий мурастын баалуулугун көрсөтүүгө багытталган. Кол менен жасалган көркөм элементтер менен заманбап технологиялардын айкалышы - кыргыз элинин бай салтын жана келечекке багытталган жаңы ойлорду символдоштурду. Ошентип павильон өзүнүн жандуу атмосферасы, кыргыз элинин маданияттын интерактивдүү көрсөтүү ыкмасы жана жогорку көркөм деңгээли менен айырмаланып, көргөзмөнүн катышуучуларынын эсинде калды.

WhatsApp Image 2025-10-14 at 16.52.48.jpeg

- Бул көргөзмө аркылуу Кыргызстандын кандай инвестициялык потенциалын көрсөтө алдыңыздар?

- Кыргызстан ЭКСПО аянтчасында өзүнүн инвестициялык жана туристтик потенциалын кеңири таанытты. Павильондо энергетика, экотуризм, агроөнөр жай, тоо кластерлери жана санариптик инновациялар сыяктуу тармактар боюнча презентациялар өткөрүлдү. Ар күнү 25 миңден 40 миңге чейин коноктор биздин павильонго келип, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Жарым жылга созулган көргөзмөгө жалпысынан 29 млн 18 миңге жакын адам келген. Япон жана англис тилдеринде экскурсиялар уюштурулуп, инвестициялык долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берилди. Кыргызстандын бал, курут, шоколад жана кургатылган жемиштер сыяктуу улуттук азыктары катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу жаратты. Өзгөчө кыргыз балы жапон конокторунун сүймөнчүлүгүнө айланды десек болот. Көргөзмө учурунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери жапон компаниялары жана эл аралык уюмдар менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрүшүп, келечектеги кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишти.

- ЭКСПО алкагында Кыргызстандын уюштуруусунда өткөн иш-чаралар тууралуу айтып берсеңиз?

- ЭКСПО 2025 алкагында Кыргызстан бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрдү. Алардын ичинен эң ири жана таасирдүү болгон - Кыргызстандын Улуттук күнү. Ал көргөзмөнүн эң масштабдуу жана жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чараларынын бири болуп, коноктор арасында чоң резонанс жаратты. Мындан тышкары, эл аралык байланыштарды бекемдөө максатында салтанаттуу кечки кабыл алуу уюштурулуп, анда Япониядан гана эмес, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен да байланышты түзүүгө шарт түзүлдү. Ошондой эле, Кыргызстан тарабынан туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында ыктыярдуу тематикадагы иш-чаралар, анын ичинде тоолор жана медицина боюнча дискуссиялык сессиялар өткөрүлдү.

- Бул абройлуу алтын сыйлык Кыргызстаныбызга эмне берет?

- ЭКСПО 2025 - Осака көргөзмөсүндө берилген алтын сыйлык - бул эң жогорку баа жана ар бир мамлекет үчүн абройлуу жетишкендик болуп саналат. Катышкан 169 өлкөнүн ичинен болгону 19 мамлекет алтын байгелүү болду. Жалпысынан алтын, күмүш жана коло менен ыйгарылуучу 45 сыйлык болгон. Бул сыйлык Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы аброюн бекемдеп, туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат. Бүгүнкү күндө Япониядагы Кансай телеканалдары жана бир катар маалымат агенттиктери биздин павильон тууралуу кеңири сюжеттерди чыгарып, өлкөбүздүн эл аралык таанымалдуулугун күчөттү. Учурда көптөгөн япониялык туристтер жана бизнес делегациялары Кыргызстанга кызыгуу көрсөтүп, өлкөбүзгө келип баштаганы ЭКСПОнун реалдуу натыйжаларынын бири десек жаңылышпайбыз.